Ссылки доступа

Казакстан мектептерде окуу жылын эки аптага узартууга ниеттенүүдө


Казакстандын Агартуу министрлигинин жыйынында мектептерде жаңы окуу жылынын мөөнөтү бекитилди. Мындан ары окуу жылынын узактыгы 1-класстар үчүн мурдагыдай 33 эмес, 35 апта болот. 2-11-класстар мурда 34 жума окушса, эми 36 жума окушат.

Агартуу министринин тиешелүү буйругу Казакстандын Юстиция министрлигинен каттоодон өтүү алдында турат.

Жаңы чечимге ылайык, жыл ичинде каникулдар төмөндөгүдөй болот: күзүндө — жети күн (31-октябрдан 6-ноябрга чейин); кышкысын — тогуз күн (31-декабрдан 8 январга чейин); жазгы эс алуу — тогуз күн (18-марттан 26-мартка чейин).

Буга чейин жыл ичинде эс алуу убактысы 30 күндөн кем эмес болгон (азыр – 25 күн). 1-класстар кошумча жети күн (6-12 феврал аралыгында) эс алат.

Окуу жылын 31-майда жыйынтыктоо пландалууда (мурда 25-майда аякташкан). Жайкы каникул 1-июндан 1-сентябрга чейин созулат.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG