Ссылки доступа

Тажикстанда мамлекеттик айыптоочу Холбашовди өмүр бою, Мамадшоеваны 25 жылга кесүүнү сурады


Ульфатхоним Мамадшоева менен Холбаш Холбашов

Тажикстанда мамлекеттик айыптоочу Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун чек ара башкармалыгынын мурдагы башчысы, генерал Холбаш Холбашовду өмүр бою, ал эми анын жубайы, жарандык активист жана журналист Ульфатхоним Мамадшоеваны 25 жыл түрмөгө кесүүнү сурады.

Тажик бийлиги аларды быйыл май айында Хорог жана Рушанда болгон башаламандыкты уюштурууга айыптоодо.

Ульфатхоним Мамадшоева менен Холбаш Холбашовдун соту 3-августтан бери Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында жабык режимде өтүп жатат.

Ульфатхоним Мамадшоевага каршы "Тажикстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүн күч менен кулатууга аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Көз карандысыз журналист жана жарандык активист Ульфатхоним Мамадшоева быйыл 18-майда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарындагы жапырт нааразылык акциясын уюштурган деген айып менен кармалган.

Генерал-майор Холбаш Холбашовго Тажикстандын Кылмыш кодексинин 11 беренеси боюнча, анын ичинде кылмыштуу уюм түзүү, киши өлтүрүүгө аракет жасоо, терроризм айыбы тагылган. Тажикстан чек ара кызматынын жогорку кызматтагы мурдагы офицери Холбаш Холбашов да 18-майда кармалган.

“Контртеррордук операциядан” кийин Холбашев менен бирге Рушан районунун 78 жашоочусу кармалып, Душанбеге жөнөтүлгөн.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Хорог шаары менен Рушан районундагы абал 16-майда кескин курчуп кеткен. Бийлик “антитеррордук операция” жарыялаган. Расмий маалыматтарга ылайык, нааразылык акциясында 16 киши өлгөн. Жергиликтүү жашоочулар курмандык мындан алда канча көп экенин билдирип келишет.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG