Ссылки доступа

Президент 25-ноябрда элдик курултай өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду


Президент Садыр Жапаров 16-августта "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта ушул жылдын 25-ноябрында Бишкекте биринчи элдик курултай чакырылары жазылган.

Жарлыкта курултайды уюштуруу комитетинин башчысы болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды жана курамы бекитилди.

Май айында Жогорку Кеңештин тармактык комитети Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун чукул караган, бирок документтин концепциясы колдоо тапкан эмес.

Жыйында негизинен бул институттун макамы, ыйгарым укуктары, делегаттар жана президенттин администрациясынан көз карандуулугуна байланыштуу беренелерден улам кызуу талаш-талкуу чыккан жана сын-доомат айтылган. Мыйзамга ылайык, эми жарым жылдан кийин гана курултай тууралуу жаңы мыйзам долбоорун парламентке алып келе алышат.

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.

Элдик курултай институту тууралуу берене 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамда да бар эле. Анда курултай жөнүндө конституциялык мыйзам жазылып, бирок кабыл алынбай калган.

XS
SM
MD
LG