Мекеменин маалыматына караганда, 5-августта "Ташкент–Лондон" багыты боюнча уча турган жүргүнчүлөрдүн паспортун текшерүү маалында Улуу Британиянын паспортун көрсөткөн жети киши каттамдан четтетилген.
Териштирүүнүн жүрүшүндө алар Ооганстандын жараны экенин, жасалма британ паспортторун Тажикстанда жүргөндө алышканын айтышкан.
Бул факты боюнча "Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүү" жана "Жасалма документтерди, штамптарды, бланктарды даярдоо жана аларды колдонуу" беренелери менен кылмыш иши козголду.