Ссылки доступа

Казакстанда маңзат жарнамалоого катышы бар делген 1,5 миңден ашуун сайт жабылды


Казакстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) социалдык тармактарда жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы менен өлкөдө 1606 веб-сайт, аккаунт жана башка ресурстар "маңзат жана психотроптук заттардын тароосуна катышы бар" деген шек менен жабылганын билдирди.

"Маңзатын мыйзамсыз жарнамалоо боюнча сотко чейин 76 иш, аны интернет аркылуу сатуу боюнча 153 кылмыш иши тиркелди", - деди ИИМдин өкүлү Данияр Оралов.

Жарандарды сак болууга үндөгөн министрликтин өкүлү жумуштун мүнөзүн билбей туруп, кандайдыр бир сайтка иштөө тууралуу сунушка макул болбоону сунуштады.

Ораловдун айтымында, полиция дал ошол маңзат таратты делген сайттардын администрациясы менен курьерлерин кармайт, сот аларды узак жылга эркиндигинен ажыратат.

Казакстандын Психикалык саламаттык боюнча илимий-практикалык борборунда маңзатка көз каранды он миңдеген киши каттоодо турат.

XS
SM
MD
LG