Ссылки доступа

Казакстанда Январь окуяларында каза болгондордун тизмеси жарыяланды


Казакстандын Башкы прокуратурасы 16-августта Январь окуяларында каза болгондордун тизмесин жарыялады.

Тизмеде 238 кишинин ысымдарынын баш тамгалары жана фамилиялары жазылган. Маркумдардын жаш курагы жана кандай жагдайларда каза болгону тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн эмес. Алардын кимисин күч түзүм кызматкерлери "антитеррордук операциянын" жүрүшүндө өлтүргөнү да белгисиз.

Мындан тышкары прокуратура жарыялаган тизмеде кимдер кокустан атылган октон, башка каражаттарды колдонуудан өлгөнү жана кыйноо учурунда каза болгону жазылган эмес. Буга чейин прокуратура органдары 6 адам тергөө изоляторунда кыйноодон улам мерт болгонун билдирген.

Мурдараак Токаев түзгөн фонд кокустан өлүп калган 19 адамдын үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөп бергенин кабарлаган.

1-июнда "Азаттыктын" казак кызматы Январь окуяларында каза болгондордун аты-жөнү жана сүрөттөрү келтирилген мини-сайтты презентация кылган. Редакция маалыматтарды укук коргоочулар менен биргеликте чогулткан. Бул долбоордун алкагында журналисттер окуя учурунда жана андан кийин каза болгон 202 адамдын ысымын, фамилиясын, курагын, жынысын тактап чыгарган. Алардын жакындарынын билдирүүсүнө таянуу менен маркумдардын кайсы жерде өлгөнү тууралуу да маалыматтар берилген.

Мындан беш күндөн кийин – 5-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев референдумга байланыштуу добушканадагы билдирүүсүндө Январь окуяларында каза болгондордун тизмесин жарыялоону убада кылган. Бирок убактысын тактаган эмес.

XS
SM
MD
LG