Ссылки доступа

Ооганстан: Улуттук каршылык көрсөтүү фронту 40 талибди туткундап алганын билдирди


Ахмад Масуд жетектеген Ооганстандагы Улуттук каршылык көрсөтүү фронту (FANR) Панжшер провинциясында "Талибан" кыймылынын ондогон согушкерин туткундап алганын билдирди.

15-августта Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун басма сөз катчысы Сибгатулла Ахмади "Твиттердеги" баракчасына "Талибандын" Панжшер капчыгайындагы постторуна жасалган чабуулда беш талиб өлтүрүлүп, дагы көбү жарадар болгонун жазды. Мындан тышкары ал провинциянын Аноб районунда 40 талиб туткунга түшкөнүн белгилеп, билдирүүнүн төмөн жагына алардын кыска видеосун тиркеди.

Ага чейин айрым басылмалар дүйшөмбү күнү Панжшер провинциясындагы операциянын жүрүшүндө "Талибандын" 25 мүчөсү өлтүрүлгөнүн кабарлашкан.

Бирок талибдер көзөмөлдөгөн мамлекеттик "Бохтар" агенттиги "Талибандын" Панжшердеги өкүлдөрүнө шилтеме кылып, басылмалардын ал билдирүүлөрүн четке каккан.

Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун Панжшердеги бул операциясы талибдердин Кабулдагы бийликти басып алганына бир жыл болгондо жасалды.

FANR жекшембиге караган түнү Панжшерден тышкары Ооганстандын Кописо жана Парван провинцияларында да чабуулдарды уюштурду.

16-августта "Хашти Субх" сайты жарыялаган акыркы маалыматтарга караганда, Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун күчтөрү Тахор провинциясындагы Ишкашим районунда талибдердин аскердик түзүмдөрүн курчоого алып турушат. Сайттын макаласында бул кагылышуунун жүрүшүндө каза болгондор жана жаракат алгандар тууралуу маалымат жазылган эмес.

Ахмад Масуд башында турган Улуттук каршылык көрсөтүү фронду бир жылдан бери Панжшер капчыгайларында, ошондой эле Кописо, Баглан жана Тахор провинцияларынын айрым аймактарында талибдерге каршы согуштук аракеттерди жүргүзүп келет.

"Талибан" кыймылы Ооганстандагы бийликти 2021-жылы 15-августта басып алган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин талибдер түзгөн өкмөттү дүйнөдө бир да өлкө тааный элек. Эл аралык коомчулук бул үчүн "Талибан" өлкөдө инклюзивдүү өкмөт түзүп, аялдар менен кыздарды негизги укуктар жана эркиндиктер менен камсыз кылышы керек экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG