Ссылки доступа

Темиртау шаарында көп кабаттуу үйдөгү жарылууга байланыштуу кылмыш иши козголду


Казакстандын Темиртау шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ жарылып, "Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Караганда облустук полиция департаментинин басма сөз кызматы кабарлады.

Облустук саламаттык сактоо башкармалыгы жарылуудан үч киши жараат алганын билдирди.

— Үч киши жараат алып, азыр алардын бирөө ооруканада. Ал башынан жана сол бутунан жаракат алган. Эки жабырлануучу амбулатордук дарылануу үчүн үйлөрүнө жөнөтүлдү", – деп билдиришти мекеменин өкүлдөрү.

Мурдараак Шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Нурмухамед Интуев жарылуудан төрт киши жараат алганын айткан.

Темиртау шаарынын бийлик өкүлдөрү жарылуу болгон үйдүн жашоочулары менен жолугуп, зыянга учураган батирлерди калыбына келтирүүгө жардам берилерин убадалашты.

Темиртау шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон жарылуудан улам экинчи жана үчүнчү кабаттагы батирлердин ортосундагы ички тосмолор урап, бир нече батир зыянга учураган.

XS
SM
MD
LG