Поезд түнкү саат 00:30да Кулябдан чыгып Душанбеге таңкы саат 8де келди. Борбор калаанын темир жол бекетинде жарандар өтө көп болду: Куляб-Волгоград каттамынын жүргүнчүлөрүнүн көбү Душанбеге билет алышкан. Волгоградга бара тургандардын көбү андан ары Москва жана Подмосковьеге сапар алышат.
Жүргүнчүлөр поезд билети учактыкынан алда канча арзан экенин айтышты.
"Маселен, мен 1500 сомониге (147 доллар) билет сатып алдым, учактын билети 5500 сомониден кем турбайт. Үнөмдөлгөн акчага мен Орусияда бир нече күн жашайм", - деди Хайит Кулжонов.
Орусиянын Волгоград шаары Москвадан 980 чакырым аралыкта жайгашкан. Тажикстандын шаарларынан чыккан жүргүнчү поезди Өзбекстан жана Казакстан аркылуу өтөт. Мурдагы жылдардан айырмасы – поезд Түркмөнстан аймагын аралабайт.
27-августта Душанбеден, 7-сентябрда Хоженттен да Волгоградга поезд каттай баштайт.
Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы поезд каттамы авиабилеттин баасы кескин кымбаттап кеткен маалда жанданды.