Ссылки доступа

Өзбекстан менен Тажикстан 26,5 млн долларлык келишимдерге кол койду


Өзбекстан менен Тажикстандын расмий адамдары Сурхандарыя жана Хатлон облустарынын бийлик органдары менен ишкерлеринин ортосундагы кызматташтык тууралуу 23 макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу Тажикстандын улуттук "Ховар" жаңылыктар агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, документтерге өткөн жуманын соңунда аяктаган форумдун алкагында кол коюлду. Макулдашуулардын арасында – өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум жана туризм тармагында кызматташуу боюнча "жол картасы" бар.

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында 26,6 миллион долларга товар жеткирүү боюнча алты келишимге жана инвестициялык 15 долбоорго кол коюлду.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG