Ссылки доступа

Тажикстанда журналист Абдулло Гурбатинин иши сотко жөнөтүлдү


Абдулло Гурбати
Абдулло Гурбати

Тажикстанда журналист Абдулло Гурбатиге карата козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады, материалдар Душанбе шаарынын Шомансур райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Репортерго бийлик өкүлүнө акарат келтирген, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана экстремисттик уюмга катышкан деген айып тагылды.

Тажикстан мыйзамдарында алгачкы эки кине үчүн айып пул, ал эми экстремисттик коомго катышуу үчүн төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Шомансур райондук соту кылмыш ишинин материалдары келип түшкөнүн тастыктап, бирок отурум качан башталарын айткан жок.

Абдулло Гурбати айыптоолордун баарын четке кагууда.

Душанбе шаарынын Шомансур райондук прокуратурасы Абдулло Гурбатини 15-июнда кармаган. Бийлик аны аталган райондун милиция бөлүмүнүн кызматкерлерин сабоого айыптаган. Кийинчерээк Тажикстан ИИМи журналист өлкөдө тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясы” менен кызматташканын билдирген. Диний партия Гурбати эч качан уюмдун мүчөсү болбогонун жана кызматташпаганын кабарлаган.

26 жаштагы Абдулло Гурбати акыркы үч жылдан бери “Азия Плюс” агенттиги үчүн видеосюжеттерди даярдап келген. Ал “Фейсбуктагы” баракчасына коомдогу көйгөйлүү маселелер боюнча курч пикирин жазып турган.

Акыркы үч айдын ичинде Тажикстанда жети блогер жана журналист кармалды. Дагы бир нече журналист бийлик тараптан кысым болуп, алардын телефондору менен ноутбуктарын алып коюшканын, өздөрүнө эскертүү берилгенин билдиришкен.

Буга чейин эл аралык укук коргоо уюмдары менен Батыш өлкөлөрү тажик өкмөтүнө бир нече жолу кайрылып, журналисттерге карата куугунтукту, коркутууларды жана кысымды токтотууга чакырышкан. Тажикстандын бийлиги мындай чакырыктарга эч кандай реакция кыла элек.

XS
SM
MD
LG