Ссылки доступа

Укук коргоочулар Январь окуясында өлгөндөр боюнча толук маалымат жарыялоону талап кылышты


Казакстандагы “Кахарман” укук коргоо уюму бийликтен Январь окуясында набыт болгондор тууралуу толук маалымат берүүнү талап кылды. Бир күн мурун Башкы прокуратура башаламандыктан жети ай өткөндөн кийин гана каза болгондордун тизмесин жарыялаган.

Бирок тизмеде 238 маркумдун аты-жөнү гана жазылган. Алар кантип жана кандай шартта каза болгону тууралуу маалымат жок.

Ысымы кыскартылып, баш тамгасы менен гана берилген. Адамдардын жаш курагы тууралуу да жазылган эмес. Алардын кимисин күч кызматкерлери “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө өлтүрүшкөнү да белгисиз. Бийлик бул окуя учурунда өлкөгө “террорчулар” кол салганын билдиргени менен аны ырастаган ынанымдуу далилдерди келтире элек.

Прокуратуранын тизмесинде мындан сырткары кимдер кокустан атылган октон, башка каражаттарды колдонуудан өлгөнү жана кыйноо учурунда каза болгону жазылган жок. Мурдараак Токаев түзгөн фонд кокустан өлүп калган 19 адамдын үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөп бергени кабарлаган. Прокуратура органдары алты адам тергөө изоляторунда кыйноодон улам мерт болгонун тактаган.

Быйыл 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер болгон. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Бир нече шаарда акцияга чыккандарды аскерлер жана полиция күч менен басып, башаламандык чыккан. 1-августта прокуратура Январь окуясы боюнча айыпталган 92 адам абакка кесилгенин кабарлаган. Жалпысынан 474 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 717 адам жоопкерчиликке тартылган.

XS
SM
MD
LG