Ссылки доступа

Түркияда Түркмөнстан консулдугунун кызматкерлери активисттерди сабашты


Түркмөнстанда активисттер адвокаттардын жана эки түрк укук коргоочунун колдоосу менен Түркмөнстандын Стамбулдагы консулдугуна келишип, президент Сердар Бердымухамедовго ачык кат жолдоого аракет жасашты.

Адам укуктары боюнча түркмөн Хельсинки фонду билдиргендей, жыйынтыгында аларды дипломатиялык корпустун өкүлдөрү сабап ташташкан.

"Адвокат Гүлден Сөнмез жана активисттер кароолчудан кат берүү үчүн кызматкерлердин бирин чакырууну сурашканда аларды консулдуктун короосуна киргизишкен. Документтерди аткаминерлерге берүүгө аракет жасоо учурунда алты кызматкер чыгып, активисттерди шылдыңдашып, сөгүшүп жана сабашкан", – деп жазды фонд.

Укук коргоо уюму дипломатиялык корпустун өкүлдөрү эки аял менен үч эркекти сабашканын билдирүүдө. Активист Атамурад Сапаров башынан олуттуу жаракат алып, дарыгерлер ага жардам көрсөтүшкөн.

Түркмөн мигранттарына укуктук жардам берген түрк адвокаты Гүлден Сөнмез июлда Стамбулдун Чаглаян сотуна Түркмөнстан бийлигине, анын ичинде мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовго каршы кылмыш ишин козгоо боюнча арыз тапшырган.

Түркияда жашаган түркмөнстандыктар көп жылдардан бери паспортторунун мөөнөтүн узарта албай, анын кесепетинен Түркияда мыйзамдуу негизде жүрүү боюнча документтерин жөндөй албай келишет. Түркмөн жарандары Түркмөнстандын Түркиядагы консулдугу алардын укугун бузуп, паспорт, нике документи жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга күбөлүк берүүдөн баш тартып жатканын билдиришүүдө.

Түркия бийлигинин маалыматы боюнча өлкөдө жүз миңдеген түркмөнстандык бар. Бирок алардын көбүнүн документтеринин мөөнөтү өтүп кеткендиктен так санын айтуу кыйын. Түркмөнстан миграция боюнча маалымат жарыялабайт.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG