Ссылки доступа

Өзбекстандын Акыйкатчы кеңсеси Каракалпакстанда кыйноо болгону жөнүндө билдиргенин четке какты


Өзбекстандын Акыйкатчы кеңсеси Каракалпакстандагы башаламандыктарга байланыштуу кармалгандардын адвокаттары тергөө учурунда камактагыларга кыйноо көрсөтүлгөнү жөнүндө билдиришкенин четке какты.

Омбудсмен кеңсесинин мурда жарыяланган билдирүүсүндө: Каракалпакстандагы окуялар менен жагдайларга байланыштуу тергөө амалдарынын жүрүшү боюнча адвокаттардын пикири каралды. Тергөө изоляторлорунда алардын коргоосуна алынган кишилер менен жолуктурууда тоскоолдук болгон учурлар, тергөө иштерин жүргүзүү учурунда кыйноого жол берилгени жөнүндө маалыматтар түштү", - деп айтылган.

Маалыматка караганда, 16-августта Акыйкатчы Нукус окуяларына байланыштуу кылмыш иши козголгон кишилердин кызыкчылыктарын жана укугун коргогон адвокаттар менен жолуккан.

Нукуска барган учурда да тергөө изоляторундагы видеокөзөмөл камералардындагы маалыматтар алынган.

Бул арада Нукустагы окуялар боюнча түзүлгөн парламенттик комиссиянын башка бир мүчөсү, "Миллий тикланиш"(Улуттук кайра жаралуу) партиясынын лидери Алишер Кадыров Каракалпакстанда репрессия жана басым жок экенин айтты.

Депутаттын билдиришинче, миңден ашуун киши Каракалпакстанда күнөөсүз болгону үчүн эмес, боорукерликтен улам бошотулган.

"Калган бөлүгү боюнча тергөө аяктай элек", деген Кадыров Каракалпакстандагы окуяларга кызыккандарга тергөө иштерине кийлигишпөө кеңешин берди.

XS
SM
MD
LG