Ссылки доступа

2022-жылдын апрель-июнь айларында Казакстанга жарым миллиондон ашык орусиялык кирген


2022-жылдын апрель-июнь айларында Орусиядан Казакстанга дээрлик 570 миң киши кеткен. Бул тууралуу РБК басылмасы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, апрель-июнь айларында Орусиядан жалпысынан 4,99 миллион жаран чет өлкөлөргө чыгып кеткен. Бул өткөн жылдын биринчи кварталындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 28% көп.

Басылманын макаласында өлкөдөн чыгып кеткен орусиялыктардын басымдуу бөлүгү мурдагы советтик өлкөлөргө, анын ичинде Казакстанга, Арменияга жана Грузияга барганы белгиленген.

"2021-жылдын апрель-июнь айларына салыштырмалуу 2022-жылдын экинчи кварталында Казакстанга 2,9 эсе (568 миң киши), Арменияга 1,5 эсе (180 миң киши) жана Грузияга 5,7 эсе (163 миң) көп орусиялык барды. Алардын көбү бул өлкөлөргө турист катары эмес, "жеке максаттар" менен барганын көрсөтүшкөн", – деп жазылган макалада.

Ал ортодо Украинада согуш башталгандан кийин европалык багыттардын жабылганына байланыштуу Түркияга барган орусиялыктардын саны көбөйүп, 2022-жылдын экинчи кварталында 1,03 миллион кишиге жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу үч эсеге көп.

Ошол эле маалда "дос эмес" деп табылган өлкөлөргө барган орусиялыктардын саны кескин азайды. ФСБнын маалыматына ылайык, 2022-жылдын экинчи кварталында АКШга Орусиядан 39 гана киши кеткен. Өткөн жылдын экинчи кварталында бул көрсөткүч 36,7 миңге жеткен.

Жалпысынан Европа биримдигине мүчө өлкөлөргө барган орусиялыктардын саны быйыл 36% азайган. Ошол эле маалда Литвага (66 миң киши, өсүү – 14,7%), Финляндияга (145 миң киши, өсүү – 41,7%) жана Эстонияга (172 миң киши, өсүү – 3,6 эсе) кеткен орус жарандарынын саны көбөйгөн. Финляндия менен Эстонияга кеткен орусиялыктардын 80% бул өлкөлөргө "жеке максаттар менен" барганын көрсөтүшкөн.

XS
SM
MD
LG