Ссылки доступа

Сауд Арабиясы Өзбекстанда дүйнөдөгү эң чоң шамал станциясын курууну пландап жатат


Өзбекстандын Энергетика министрлиги жана Сауд Арабиянын Энергетика министрлиги менен компаниялардын ортосунда 12 миллиард долларлык үч ири келишимге кол коюлду.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, бул келишимдер эки өлкөнүн отун-энергетикалык комплексиндеги кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн аянтча болуп калат деп болжолдонууда.

Биринчи документ Каракалпакстанда ACWA Power компаниясы тарабынан 1,5 ГВт шамал электр станциясынын курулушуна тиешелүү. Маалыматка ылайык, ал аймактагы эле эмес, дүйнөдөгү эң ири шамал электр станциясы болот. Шамал станциясынын кубаттуулугу 1,65 миллион үйдү электр энергиясы менен камсыз кылат деп пландалууда.

ACWA Power and Air Products компаниясы менен кол коюлган кызматташтык тууралуу экинчи келишим жашыл суутекти изилдөөнү жана иштеп чыгууну өнүктүрүүгө, келечекте аны Өзбекстанда өндүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары Сауд Арабиясынын жакынкы 5 жылдын ичинде Өзбекстандын энергетикалык комплексине 10 миллиард доллар инвестиция салуу ниетин ырастаган документке кол коюлду. Анын алкагында бир катар келечектүү багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

XS
SM
MD
LG