Ссылки доступа

Москвада Тоолуу Бадахшандан чыккан дагы бир жарандык активист кармалды


Максуд Гаёсов
Максуд Гаёсов

17-августта Орусиянын баш калаасы Москва шаарында Тоолуу Бадахшандан чыккан жарандык активист жана блогер Максуд Гаёсов кармалды. Бул тууралуу "Озоди" радиосуна анын жакындары менен достору билдиришти.

Москва шаардык полициясы тажик жаранынын кармалышы боюнча эч кандай расмий билдирүү жасаган жок. Азырынча Гаёсовдун кайсыл жерде экени белгисиз. Жакындары ал Тажикстанга өткөрүлүп берилиши мүмкүн деп тынчсызданып жатышат.

Алардын айтымында, Гаёсовдин кармалышы анын жарандык позициясына байланыштуу болушу мүмкүн. Ал 2021-жылы ноябрда Тоолуу Бадахшандагы Хорог шаарында болгон митингдерден кийин социалдык түйүндөрдө активдүү болуп, бийликтин айрым чечимдери боюнча өз пикирин билдирип келген.

Гаёсов Инстаграмдагы 47 миңден ашык катталуучусу бар сатиралык "Бобинги" блогунун автору. Мындан тышкары ал Тоолуу Бадахшанда түрдүү долбоорлордо ыктыярчы болуп иштеген.

2021-жылы ноябрда жана 2022-жылы майда Тоолуу Бадахшанда болгон окуялардан кийин Тажикстандын бийлиги аймактагы ондогон жарандык активисттер менен нааразылык акцияга чыккан тургундарды кармаган.

Автоном облустагы кырдаал өткөн жылы ноябрда, тажик күч кызматкерлеринин атайын операциясы маалында жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин курчуп кеткен. Анда нааразы болгон тургундар митингге чыгып, аларды кууп таратуу маалында эки киши өлүп, дагы 17си жараат алган. 16-майда Хорог шаарында болгон акциялар да Зиёбековду өлтүргөндөр жазаланбаганына нааразылыктан улам башталган.

XS
SM
MD
LG