Ссылки доступа

Тажикстанда канзаада Ага-Хан IVтүн мурдагы консулу сурак берди


Шарофат Мамадамбарова канзаада Ага-хан lVтүн кабыл алуусунда

Канзаада Ага-Хан IVтүн мурдагы консулу, Исмаилит кеңешинин Тажикстандагы президенти Шарофат Мамадамбарова 13-14-август күндөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип чыкканын билдирди.

Анын айтымында, сурак маалында тергөөчүлөр негизинен Ага-Хан фондунун ишмердүүлүгү жана май айында Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон окуяларга кызыгышкан.

"Тергөөчүлөр негизинен Ага-Хан фондунун ишмердүүлүгүнө, анын ичинде айрым келишимдердин шарттары канчалык өзгөргөнүнө кызыгышты. Мындан тышкары май айындагы окуялар маалында кармалган бадахшандыктар жөнүндө суроо берип, алардын кимисин жакшы тааный турганымды сурашты. Мен Манучехр Холикназаровду жакшы билеримди, анын ата-энеси менен институтта чогуу окуганымды айттым. Ошол эле маалда ал жакшы үй-бүлө экенин жана уулу кылмыш кылышы мүмкүн эместигин белгиледим", – деди Мамадамбарова.

Памир юристтеринин бирлигинин башчысы, Кыйноолорго каршы Тажикстандын жарандык коом коалициясынын жана "Комиссия 44түн" мүчөсү Манучехр Холикназаров быйыл май айында Хорог шаарында кармалган.

Мамадамбарова тергөөчүлөр ага сылык мамиле кылганын жана учурда үй-бүлөсү менен Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы экенин кошумчалады.

Бүгүнкү күндө Тажикстанда май жана июнь айларында Тоолуу Бадахшанда болгон окуяларга байланыштуу 90 жарандык активист жана "Комиссия 44түн" мүчөлөрү камакта отурат.

Быйыл май айында Тоолуу Бадахшандын борбору Хорог шаарында жана Рушан районунда жергиликтүү тургундардын нааразылык акциялары өткөн. Тажик бийлиги аймакта "антитеррористтик операция" баштаганын жарыялап, анын жүрүшүндө 200дөн ашык киши кармалып, 16 адам өлтүрүлгөнүн билдирген. Жергиликтүү жашоочулар каза тапкандар расмий кабарлангандан кыйла көп болгонун билдирүүдө. Тажикстандын бийлиги өлтүрүлгөн жарандарды "уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү" деп атаган.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG