Ссылки доступа

УКМК "Тазалык" ишканасында коррупциялык схема аныкталганын маалымдады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаардык мэриясынын "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкери айлык акыны эсептөөдө кызмат абалынан пайдаланып, акча каражаттарын чыгарып кетүү үчүн коррупциялык схема түзгөнү аныкталганын маалымдады.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө муниципалдык ишканада иштебеген же жумуштан кеткен жана чет өлкөдө жүргөн адамдарга эмгек акы ыйгарылып турган схема иштеп турганы аныкталган. Ал аркылуу чыгарылып кеткен каражаттарды схеманын уюштуруучулары жеке кызыкчылыктарына колдонуп турганы расмий маалыматта айтылат.

УКМК ишкананын Ч.М аттуу кызматкери шектүү катары кармалып, тергөө жайына камалганын кабарлады. Атайын кызмат шектүү буга чейин ишканада нааразычылык акциясын уюштургандардын бири болгонун белгилейт. Тергөө иштери башталды.

Азырынча шектүүнүн жакындары же жактоочусу менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

11-августта "Тазалык" муниципалдык ишканасынын айрым кызматкерлери Бишкектин Биринчи Май районундагы таштанды чыгарууну жеке ишканага берүү тууралуу мэриянын чечимине каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Алар ишкананын техникасын жакшыртуу менен шаардын тазалыгын камсыз кылууга болорун айтышкан.

7-августта Бишкек мэриясы Биринчи Май районунда чогулган акыр-чикирлерге байланыштуу тургундар арасындагы нааразылыктар жөнүндө билдирүү таратып, бул районду "Эко Проф" жеке компаниясы тазалап жатканын кабарлаган.

Акыркы кездери Бишкекте таштанды убагында тазаланбай калган деген нааразылыктар айтылууда. Мэриянын адистери иш жүрүп жатканын, таштанды челектер жуулуп турарын билдирүүдө. Бирок айрым тургундар жуулбаган, тазаланбаган жерлер көп экенин далилдеген сүрөттөрдү интернеттеги социалдык түйүндөргө жарыялап жатышат.

Буга чейин баш калаадагы таштандыларды чыгарып кетүүгө жооптуу "Тазалык" ишканасы шаардан күнүнө 500 тоннанын тегерегинде акыр-чикир чыгара турганы айтылган. Ишканада бир жарым миңдей адам эмгектенет.

XS
SM
MD
LG