Ссылки доступа

Орусия: ЖККУ мүчөлөрүнүн "дос эмес өлкөлөр менен" байланышы Москвага зыян келтирбеши керек


Орусиянын Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) боюнча өнөктөштөрүнүн "дос эмес өлкөлөр" менен байланышы, алардын Москва менен болгон стратегиялык өнөктөштүгүнө зыян келтирбеши керек.

Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Маалымат жана басма сөз департаментинин директорунун орун басары Иван Нечаев билдирди.

"Өнөктөштөрдүн Орусияга дос эмес өлкөлөр менен байланыштары алардын ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ сыяктуу уюмдардын алкагындагы милдеттенмелерине каршы келбеши зарыл жана биз менен стратегиялык өнөктөштүккө зыян болбошу керек деп эсептейбиз", – деди Нечаев.

ЖККУга Орусиядан тышкары Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларус жана Тажикстан мүчө.

Украинага кол салып, Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылгандан кийин Орусия "дос эмес өлкөлөрдүн" тизмесин түзө баштаган. Ага АКШ, Канада, Европа биримдигине мүчө мамлекеттер, Улуу Британия (анын ичинде Жерси, Ангилья, Британ Виргин аралдары жана Гибралтар), Украина, Монтенегро, Швейцария, Албания, Андорра, Исландия, Лихтенштейн, Монако, Норвегия, Сан-Марино, Түндүк Македония, Жапония, Түштүк Корея, Австралия, Микронезия, Жаңы Зеландия, Сингапур жана Тайван киргизилген.

Июлда Орусия бул тизмеге Грекияны, Данияны, Словакияны, Словенияны жана Хорватияны кошкон.

XS
SM
MD
LG