Ссылки доступа

Мирзиёев Меккеге барып, кичи ажылык зыяратын жасады (видео)


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сауд Арабиясына болгон эки күндүк сапарынын аягында Меккеге барып, кичи ажылык (умра) зыяратын аткарды. Бул тууралуу өзбек мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

"Президент Ислам дининин шарттарына ылайык атайын ихрам кийимин кийип, талбия дубасын окуп, Аль-Харам мечитине кирди. Андан соң ар бир мусулман кыялданган ыйык Каабага барып, намаз окуду”, – деп жазылган билдирүүдө.

Мирзиёев Каабаны жети жолу айланып, таваф жасап, Сафа жана Марва дөбөлөрүнүн ортосунда жети жолу басты.

Андан соң өзбек делегациясынын мүчөлөрү менен бирге Өзбекстанга тынчтык, өсүп-өнүгүү жана элге бакубат жашоо тилеп дуба окуду.

XS
SM
MD
LG