Ссылки доступа

Жүздөгөн тоолуу бадахшандык Европа өлкөлөрүнө качууда


Мигранттардын көбү Европага Беларустун аймагы аркылуу барууда

Быйыл май айында Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон окуялардан жана Москвада бир нече активист жоголгондон кийин бул аймактан чыккан ондогон адам Европа өлкөлөрүнө чыгып кетти. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Хорог шаарында туулуп-өскөн 30 жаштагы Нуриддин үч айдан бери Гамбург шаарында жашап жатат. Ал өткөн жылы ноябрда Хорогдо болгон митингдерге катышып, бир нече айдан кийин Орусияга, андан ары Европага кетүүгө аргасыз болгонун билдирүүдө. "Митингдин катардагы катышуучуларына карата куугунутук башталарын эч ким күткөн эмес. Бирок абал начарлагандан начарлай берди. Январда Орусияда жүргөн Амриддин Аловатшоевди уурдап кетишкенден кийин ал жакта жүрүү кооптуу экенин түшүнүп, Европага келе бердим", – деди Нуриддин.

Ал Европага Беларус аркылуу барган жана жакынкы күндөрү качкын макамын берүү өтүнүчү менен немис бийлигине кайрылууну пландап жатат. "Митингдерден кийин мен суракка чакырылган эмесмин, бирок укук коргоо органдары ата-энеме телефон чалып мен жөнүндө сурашкан. Жакындарым алардын тизмесинде менин да аты-жөнүм бар экенин айтышкан. Бирок немис бийлигине муну далилдөө өтө оор болот окшойт", – деди ал.

Былтыр ноябрда жана быйыл май айында Хорог шаары менен Рушан районунда болгон нааразылык акциялардан кийин өлкө ичинде жана сыртында куугунтукка кабылган бадахшандыктардын саны кескин көбөйдү.

Маалыматка караганда, бийлик митингге катышкандарга мунапыс убадалаганына карабастан, кармалгандар менен соттолгондор күн санап көбөйүп жатат. Бейрасмий маалыматтар боюнча акыркы бир нече айдын ичинде 200дөн ашык киши кармалды. Алардын арасында чет өлкөлөрдөгү диаспоранын активисттери да бар: Орусияда жоголуп, кийин Тажикстанга жеткирилгени белгилүү болгон Амриддин Аловатшоев, Ораз жана Рамзи Вазирбековдор жана башкалар.

"Бадахшандыктар Орусияда көп болгондуктан, Хорогдогу окуялар учурунда диаспоранын негизги активдүүлүгү Москвада байкалды. 2021-жылы ноябрда Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында чоң митинг өтүп, анын катышуучулары тажик бийлигине видео кайрылууларды жасашкан. Баары мыйзам чегинде болгон, бирок жаш лидерлер уурдалып, калган бадахшандыктарга да куугунтук башталды", – деди диаспоранын Сафар аттуу активисти.

Анын айтымында, видеокайрылуу жасагандардын көбүнө коркутуулар менен телефондук чалуулар жана СМС-билдирүүлөр келүүдө. Аларды маектешүү үчүн тиги же бул милиция бөлүмүнө чакырып же дароо эле коркуткан сөздөрдү айтып жатышат.

"Биздин активисттердин бирине үйүнүн кире беришинде орус полициясынын кызматкерлери менен тажикче сүйлөгөн жарандык кийимчен бир адам кол салган учур да болгон. Ал активисттин болгон күнөөсү – каза тапкандар менен жараат алгандардын жакындарына акча чогултуп жатканы болчу", – деди Сафар.

Орзу бир ай мурда Германияга келген бадахшандыктардын бири. Учурда ал Бавариядагы качкындар лагеринде жашап жатат. "Инстраграмдагы баракчам аркылуу Тоолуу Бадахшандагы кырдаал тууралуу пикиримди ачык билдирип келгем. Коркутуулар башталып, бир нече автоунаа үйүмдүн алдынат кетпей, кайда барсам ээрчип жүргөнүн байкагандан кийин Орусияга кетүүнү чечкем", – деди Орзу.

Анын айтымында, алгач ал беш курдашы менен Бохум шаарына барып, качкын макамын сурап кайрылышкан. Алардын үчөө Баварияга жөнөтүлүп, экөө Бохумда калган.

Маалыматтарга караганда, Бавариядагы лагерлердин биринде жашап жаткан бадахшандыктардын саны 20дан ашат. Жалпысынан Орусиядан Германияга 200дөн ашык бадахшандык барган.

Тажикстандан Европа өлкөлөрүнө миграциянын агымы 2015-жылы, тажик бийлиги Ислам кайра жаралуу партиясын террористтик уюм деп тааныгандан кийин күчөгөн. Башпаанек сурап кайрылган тажикстандыктардын саны эң көп 2016-жылы катталган – 3210.

Евростаттын маалыматына караганда, 2016-жылдан 2020-жылга чейин башпаанек сурап кайрылган тажикстандыктардын эң көбү Германияга туура келген (12 229). Австрияга 1287, Польшага 913, Швецияга 727, Литвага 491 киши кайрылган.

Батыш жана тажик басылмаларындагы маалыматтарга ылайык, 2016-жылы Польшанын бийлиги 3 миңден ашык тажик жаранына башкалка берүүдөн баш тартып, алардын 539уна гана өлкөдө жашап туруу укугун берген.

2017-жылы 2 миңге жакын тажикстандык Европадан башпаанек сураса, алардын 1,2 миңи Германияга туура келген. Бирок немис бийлиги болгону 264 кишиге башпаанек берген.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG