Ссылки доступа

Казакстанда эки шаарда саясий куугунтукка каршы акция өттү


Казакстанда каттоодон өтпөгөн “Алга, Казакстан” партиясынын активисттери 21-августта Алматы жана Нур-Султан шаарларында саясий куугунтукту токтотууну жана партияны каттоодон өткөрүүнү талап кылып акцияга чыкты.

Уюмдун 20 чакты мүчөсү Алматыда Чокан Валиханов атындагы аянтка чогулуп, “бийлик “Алга, Казакстан” партиясын каттоого уруксат бербей жатат” деп сынга алышты. Алар бийликке кайрылып, чыныгы оппозиция боло ала турган активисттерге саясатка жол ачууга үндөштү.

Чогулгандар саясий куугунтукту токтотууну жана саясий туткундарды бошотууну талап кылышты. Акциянын катышуучулары “Биз бардык саясий партияларды каттоону талап кылабыз!”, “Саясий куугунтук токтотулсун!” деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышты. Пикетке чыккандардын арасында Январь окуясында жакындарын жоготкондор да бар.

Администрациянын, прокуратуранын өкүлдөрү келип, нааразылык акция мыйзамсыз өтүп жатканын эскертип, чогулгандарды тарап кетүүгө чакырды. Бирок алар президент Касым-Жомарт Токаевдин мыйзам боюнча митинг өткөрүү үчүн эскертүү гана жетиштүү экенин айтканын жүйө кылып, тарап кетүүдөн баш тартышты.

Жекшембиде Нур-Султан шаарында да ушундай эле талаптар коюлган митинг өттү.

XS
SM
MD
LG