Ссылки доступа

Эмомали Рахмондун Тоолуу Бадахшанга сапары күтүлүп жатат


“Азаттыктын” тажик кызматы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бийлиги президент Эмомали Рахмондун аймакка келишине даярдык көрүп жатканын жазды. Эмомали Рахмон качан барары белгисиз.

“Озодинин” жеке булактары Тажикстандын өлкө башчысынын сапары сентябрь айынын башында болорун айтышкан.

Эгерде бул ишке ашса, Эмомали Рахмондун соңку кандуу окуялардан кийин Бадахшанга жасаган биринчи сапары болот.

21-августта Тоолуу Бадахшан автоном облусунун райондорунун биринин жогорку даражалуу өкүлү Эмомали Рахмондун сапарына даярдык көрүү боюнча президенттик аппараттан тапшырма түшкөнүн билдирди. Ал президент облуста ача турган объектилердин тизмеси түзүлүп жатканын кошумчалады.

Бадахшандагы кырдаал былтыр ноябрда күч органдарынын атайын операциясында Рошткала айылынын тургуну Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин курчуп кеткен. Бул окуядан кийин 16-майда Тоолуу Бадахшандын тургундары Зиёбековдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып митингге чыккан.

Бийлик нааразылык акция “уюшкан кылмыштуу топ” тарабынан уюштурулганын билдирип, акцияны басуу үчүн борбордон кошумча күч жөнөткөн. Рушандын тургундары аскерлердин жолун тосуп алышкан. Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) митингчилер аскерлерге кол салып, андан кийин күч органдары антитеррордук операция баштаганын кабарлаган.

Анын жыйынтыгында 40ка жакын адам набыт болуп, 200гө жакын киши камакка алынган. Эл аралык уюмдар жана Батыш өлкөлөрү тынчтык акцияларынын күч менен басылышына тынчсыздануусун билдирип, Тажикстандын бийлигин Тоолуу Бадахшандын тургундарынын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого чакырган.

XS
SM
MD
LG