Ссылки доступа

Өзбекстандан Сауд Арабиясына жума сайын учак каттай баштайт


Өзбекстан менен Сауд Арабиясы ортосунда аптасына 14 каттам ачылары күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын транспорт министринин орун басары Жасурбек Чориев билдирди.

Министрликтин өкүлү авиакаттам жөнүндө меморандум өзбек президентинин мамлекеттик сапарында кол коюлганын айтты.

Каттамдар Өзбекстандан Саудиянын Эр-Рияд, Жидда жана Медина шаарларына каттайт. Азырынча учактар Өзбекстандын кайсы шаарынан учары айтыла элек.

Жасурбек Чориев буга чейин Сауд Арабиясына ажылык жана умра үчүн гана каттамдар болгонун белгиледи.

Өзбекстан менен Сауд Арабиянын ортосунда визасыз режим киргизилген. Ага ылайык, Сауд Арабия жарандары Өзбекстанда 30 күн визасыз жүрө алат.

XS
SM
MD
LG