Ссылки доступа

Ульяновсктогу кырсык: Кыргызстанда 23-августта аза күтүү күнү жарыяланды


Президент Садыр Жапаров Орусиянын Ульяновск облусунда 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган окуяга байланыштуу кайрылуу жасады. Анда 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаганын билдирди.

"Суук кабар баарыбызды кайгыга салып, жүрөгүбүз ооруп турат. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Мекендештерибиз жол кырсыгына кабылганына жаныбыз кейип, баарыбыз аза кайгыга батып турабыз. Мындайда көңүл айтуу да оор. Ошондой болсо да кырсыкка кабылгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен жараткандан мындан ары жакшылык тилеп, сабырдуу болууга чакырам. Кырсыкка кабылгандардын жакындарына, туугандарына тиешелүү жардам берүү жагы токтоосуз колго алынат. Бул менин жеке көзөмөлүмдө болот",- деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

21-августта Ульяновсктогу ири жол кырсыгында 16 адам каза болгон, алардын 14ү кыргыз жарандары экени такталган. Дагы үч адам ооруканага жеткирилген жана алардын абалы оор.

Мерт болгондордун жакындары үчүн элчиликтин (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору күнү-түнү иштеп жатат.

Маалыматтарга караганда, аварияга учураган кичи автобустагы кыргызстандыктар "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасына келип, кайра кайтып баратышкан.

Соңку учурда Орусиядагы мигранттарга каттоо талабынын күчөгөнүнө, кыргыз элчилигинин ишине байланыштуу сын-доомат көп айтылып жаткан.

XS
SM
MD
LG