Ссылки доступа

Тажикстанда пенсионерлер банкоматтардан убагында акча ала албай жатканына даттанышууда (видео)


Пенсионеры в Хатлоне жалуются, что не могут снять вовремя пенсию в банкоматах
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

Хатлон облусунун пенсионерлери пенсияларын банкоматтардан убагында чыгара албай жатканына даттанышууда.

Дээрлик ай сайын пенсия төлөнгөн күндөрү банкоматтардын алдында улгайган кишилердин узун кезегин көрсө болот.

Кезекте турган пенсионерлердин көбү “Амонатбанктын” кардарлары жана өз учурунда акчаларын ала албай жатканына даттанышууда.

“Совет учурунда биз мындай кезекте турган эмеспиз, бирок пенсияны үйгө алып келчүбүз. Пенсияны эрте төлөп беришсе жакшы болот эле”, - деди Кулдош Дуокулов.

Бул арада “Аманатбанктын” өкүлдөрү пенсия убагында төлөнүп берилип жатканын, пенсионерлер акча эсепке түшөрү менен жапырт келип, узун кезекти өздөрү жаратып жатышканын билдиришти.

“Амонатбанктын” Бохтардагы өкүлү шаарда орнотулган 15 банкоматта акча дайыма толукталып турарын, бирок суроо-талап көп болгондуктан, акчаны толуктоого убакыт керектигин белгилди.

Банкоматтардан акча алуудагы көйгөйлөргө буга чейин мугалимдер да даттанышкан.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG