Ссылки доступа

Казакстанда дизель майынын чекене баасына жогорку чек киргизилди


Казакстанда коңшу өлкөлөр менен чектешкен аймактарда дизель майынын чекене сатуудагы жогорку баасын киргизүү тууралуу Энергетика министрлигинин буйругу күчүнө кирди.

Министрлик бул чараны өлкөдө дизель тартыштыгына жол бербөө зарылдыгы менен түшүндүрүүдө.

Буйрукка ылайык, Казакстандын башка өлкөлөр менен чектешкен облустарында дизель бөлөк аймактарга салыштырмалуу кымбаттатылды. Калган облустарда нарк мурдагыдай сакталат. Буйрук 2023-жылдын 9-январына чейин жарактуу.

Маалыматта айтылгандай, дизелди казакстандыктар аймактардын шартына жараша 230–260 теңгеден (39-45 сом) сатып ала алышат. Ал эми чет элдиктерге бул майдын литри 450 теңгеден (76 сом) сатылат.

Мындан тышкары дизелдик отунду сатууга да чек коюлду. Казакстандын жарандары жеңил автоунаасына бир сутка ичинде 100 литрге чейин, жүк ташуучу автоунаасына 300 литрге чейин сатып алса болот. Чектен ашкандан кийин жергиликтүүлөр да чет элдиктер сыяктуу жогору баа менен төлөшү керек. Чет элдиктерге лимит белгиленген эмес, алар канча алса да 450 теңгеден сатып алышат.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, өткөн аптада бир катар аймактардагы май куюучу жайлар дизель майын сатууда чектөө киргизген. Айрым станцияларда аны талондор менен бир колго 50 литрден гана сата башташкан.

Казакстандын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү өлкөдөгү дизель майына байланыштуу жагдайды комментарийлеп жатып, чек аралаш аймактарда баанын төмөндүгүнөн аны чет элдиктер көп көлөмдө сатып кетип жатышканын, натыйжада тартыштык жаралып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG