Ссылки доступа

Тажикстанда журналист Далери Имомалинин иши тергелип бүттү


Тажикстанда журналист Далери Имомалиге каршы козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, жакынкы күндөрү сотко жөнөтүлөт. Бул тууралуу "Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Тажик бийлиги журналисттин иши боюнча эч кандай маалымат бере элек. Анын адвокаты тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарбоо тууралуу тил катка кол коюп бергенин билдирип келет.

Далери Имомали "Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу", "Мыйзамсыз ишкерлик менен алектенүү" жана "Кылмыш тууралуу атайылап жалган маалымат берүү" беренелери боюнча айыпталууда. Анын иштери жашыруун деген граф менен тергелүүдө.

Имомали 15-июнда Душанбенин Шохмансур райондук прокуратурасына суракка чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган. Бир нече сааттан кийин аны менен бирге репортаждарды даярдап жүргөн журналист Абдулло Гурбати да кармалганы кабарланган. Журналисттер мамлекеттик түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүн сындаган репортаждарды даярдап, аларды YouTube'да миллионго чейин киши көргөн.

Өткөн жумада Абдулло Гурбатинин иши боюнча тергөө аяктап, иш Душанбенин Шомансур райондук сотуна жөнөтүлгөнү белгилүү болгон. Ал бийлик өкүлүн кемсинтүүгө, бийлик өкүлүнө каршы күч колдонууга жана экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышууга айыпталып жатат.

Буга чейин бир канча эл аралык укук коргоо уюмдары бир нече жолу тажик бийлигин Имомали менен Гурбатиге тагылган айыптарды алууга чакырган.

XS
SM
MD
LG