Ссылки доступа

Бишкек шаардык соту Адилет Балтабайды абакта калтырды


Адилет Балтабай.
Адилет Балтабай.

22-августта Бишкек шаардык соту жарандык активист, блогер Адилет Балтабайдын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Буга чейин активистти үй камагына чыгарууну өтүнүп, анын адвокаты сотко арыз менен кайрылган.

Адилет Балтабай 30-июнда камакка алынган жана Бишкектеги Биринчи май райондук соту аны бир айга камоо тууралуу өкүм чыгарган. Милиция жарандык активистке козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек.

Адилет Балтабай буга чейин "Азаттыкка" комментарий берип, ага эки берене "бийликке баш ийбөө" жана "жарандарга зордук-зомбулук көрсөттү") менен айып коюлуп жатканын, өзү күнөөлүү эмес экенин айткан. Ал болгону Фейсбукта өз пикирин гана айтып келгенин белгилеген.

Активист акыркы бир нече айда Фейсбуктагы баракчасында Бишкектеги казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып келген.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлдагы маалымат жыйынында “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин айткан.

Укук коргоо уюмдары бийликти сөз эркиндигин сактоого, оппоненттерин, активисттерди куугунтуктабоого чакырып келатат.

XS
SM
MD
LG