Ссылки доступа

Telegram "мыйзамсыз" контентти өчүрүү боюнча казак бийлиги менен "макулдашканын" четке какты


Telegram мессенджеринин өкүлдөрү буга чейин кабарлангандай "мыйзамсыз" контетти өчүрүү боюнча казак бийлиги менен макулдашууга келгени тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

"Telegram Казакстандын өкмөтү менен мындай макулдашууга барган эмес. Каалаган колдонуучу туура эмес деп эсептеген контент тууралуу кабар берүү үчүн Telegram тиркемесиндеги отчеттуулук куралдарын пайдалана алат. Эгер контент Telegram'ды колдонуу шарттарын бузуп жаткан болсо, анда ал өчүрүлөт", – деп жазган компания өкүлү Реми Вон "Азаттыктын" казак кызматына жөнөткөн катында.

Буга чейин КазТАГ агенттиги Казакстандын Санариптик өнүгүү жана аэрокосмикалык өнөр жай министрлигинин концепциясына шилтеме кылып, казак бийлиги Telegram мессенджери, TikTok сервиси жана башка бир катар популярдуу эл аралык ресурстар менен "мыйзамсыз контентти" өчүрүү боюнча макулдашууга келгенин кабарлаган.

Билдирүүдө "ВКонтакте", "Одноклассники", Mail.ru, Livejournal, Facebook, Instagram, Tiktok, Linkendin социалдык түйүндөрү жана Telegram мессенжеринин ээлери мыйзамсыз контенттерди өчүрүү боюнча кызматташууну түшүнүү менен кабыл алышканы, бирок мындай чара көпкө таасир бербей турганын, себеби буга окшош материалдар кайра-кайра жарала берерин белгилешкени жазылган.

Июлдун аягында Казакстандын өкмөтү Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигине жаңы ыйгарым укуктарды, анын ичинде мессенджерлер менен соцтүйүндөрдүн ишине чектөө киргизүү укугун берген токтом чыгарган.

Май айынын башында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эксперттик коомчулук менен активисттер сындап келген талаштуу кибербуллинг тууралуу мыйзамга кол койгон. Ал документке ылайык, бийлик мессенжерлер менен социалдык түйүндөрдү колдонуучулардан балдарга карата кибербуллинг деп таанылган контентти бир сутканын ичинде өчүнүүнү талап кыла алат.

Медиакоомчулук бул кадам цензуранын дагы бир куралы экенин айтып, мыйзам долбоорун жакшылап иштеп чыгууну сунуштаган. Документти кабыл алууга каршы петиция жаряланып, митинг уюштурулган.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG