Ссылки доступа

Өлкөдөгү облустук телерадиокомпаниялар КТРКнын карамагына өтөт


Өлкөдөгү бардык облустук телерадиокомпаниялар Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын карамагына өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Документке ылайык, телерадиокомпаниялар КТРКга тиешелүү штаты, каржылык жана материалдык-техникалык базасы менен өтөт.

Мындан тышкары президент министрлер кабинетине КТРКнын кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу жана корпорациянын техникалык модернизациясы үчүн каражат бөлүүнү тапшырды.

2022-жылы май айында Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК бренди) Улуттук телерадиоберүү корпорациясы болуп кайра түзүлгөн.

"Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзамды Жогорку Кеңеш 6-апрелде кабыл алып, президент ага 13-апрелде кол койгон.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда КТРКга коомдук телеканал деген макам берүү өзүн актабаганын билдирген.

"КТРК чыныгы коомдук канал болгон жок. Көптөгөн кемчиликтер бар, функциялар аткарылган жок. Ошондуктан биз мамлекеттин идеалогиясын жана баалуулуктарын тараткан күчтүү мамлекеттик телеканал түзүүнү каалайбыз", - деген министр.

Президенттин администрациясы өз кезегинде мыйзам редакциялык саясатты өз алдынча аныктоого, маалымат продукцияларынын сапатын жакшыртууга багытталанын белгилеген.

"Медиа Полиси" институту болсо мыйзам кабыл алынса, демократиялык принциптер жокко чыгарыларына тынчсызданган.

КТРКнын 2021-жылдагы бюджети 386 миллион сом болгон.

КТРК коомдук деген макамга 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ээ болгон.

XS
SM
MD
LG