Ссылки доступа

Атайын учак жол кырсыгында каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүү үчүн Ульяновскко учуп кетти


Ош аэропортунан Орусиянын Ульяновск облусуна жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн алып келүү үчүн атайын учак учуп кетти. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

"Avia Traffic авиакомпаниясынын учагы бүгүн эле кайра Ош аэропортуна келип конот. Мындай чечим кырсыкта көз жумгандардын көбү өлкөнүн түштүк облустарынын жашоочулары болгонуна байланыштуу кабыл алынды", – деп билдиришти басма сөз кызматтан.

21-августта Ульяновсктогу ири жол кырсыгында 16 адам каза болуп, алардын 14ү кыргыз жараны экени такталган. Дагы үч кыргызстандык ооруканага жеткирилген.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу 22-августта кайрылуу жасап, 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаганын билдирген.

XS
SM
MD
LG