Акцияга катышкан активист Асхат Берсалимов "тынчтыкты колдоп, согушка каршы болуп жаткан бардык адекваттуу адамдарды" куттуктоо үчүн келгенин айтты.
"Кечээ Украинанын мамлекеттик туусунун, бүгүн Эгемендик күнү. Бул майрамдар менен украиналыктарды, биринчи кезекте Украинанын куралдуу күчтөрүн куттуктагым келет. Азыр адекваттуу адамдардын баары Украинаны колдоп, согушка каршы болуп жатат. Украинанын Эгемендик күнүндө четте турбастан, символикалык түрдө болсо да Тарас Шевченконун эстелигинин алдына келип, бүтүндөй украин элин жана бардык адекваттуу адамдарды куттуктап коюуну чечтик. Украинага даңк! Баатырларга даңк!", – деди Берсалимов.
Акция болжол менен 15 мүнөткө созулду. Ага полиция кызматкерлери алыстан көз салып турушту.
Казакстанда Орусиянын аскердик агрессиясын айыптап, Украинаны колдогон согушка каршы митингдер көбүнчө жергиликтүү бийлик менен макулдашылбастан өткөрүлөт. Алардын көбүндө мындай акциялар кармоолор менен коштолуп, катышуучулары административдик жоопкерчиликке тартылып келет.
Украинада согуш башталганда "Oyan, Qazaqstan" кыймылынын активисттери Орусиянын Алматыдагы консулдугунун алдына чогулуп, Кремлдин Украинадагы аракеттерине каршы пикир айтышкан. Жарым саттан кийин акция катышуучуларын полиция кармап кеткен.
Июнда Нур-Султан акимчилиги активисттер беш жолу кайралгандан кийин гана Украинаны колдогон акция өткөрүүгө уруксат берген. Бирок белгиленген күнү митинг өтө турган жердин айланасына темир тосмолор орнотулуп, ал жакта коммуналдык кызматтын жумушчулары иштей башташкан. Полиция кызматкерлери аянтка жакын келген жарандарга кайрылып, аларды үйлөрүнө кетип калууга чакырган. Жыйынтыгында акция өтпөй калган.
Украинаны колдогон жалгыз уруксат берилген митинг 6-мартта Алматыда өткөн. Ага миңдеген киши катышып, "Путин, Гаага, түрмө!" жана "Токаев, үн кат" деп кыйкырышкан.