Ссылки доступа

Тажикстандын Жогорку соту "Комиссия 44тү" кылмыштуу топ деп эсептейт


"Комиссия 44түн" Хорог шаарындагы жыйыны

Тажикстандын Жогорку соту Хорогдогу ноябрь окуяларын иликтөө үчүн түзүлгөн "Комиссия 44тү" "кылмыштуу топ" деп эсептейт. Бул тууралуу "Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Май айынын соңунда күч түзүмдөрү Хорогдо өткөргөн операциядан кийин "Комиссия 44түн" кеминде жети мүчөсү кармалып, Душанбеге жеткирилген. Алардын экөө 18 жылга эркинен ажыратылды. Өз булактар соттолгондор Еврпопада жашаган оппозиция өкүлдөрүнөн акча алууга шектелип жатканын билдиришкен.

23-августта бул иштен кабардар өз булактардын бири "Комиссия 44түн" кармалган мүчөлөрү кылмыштуу коомдоштукка катышууга айыпталып жатканын кабарлады. Бул үчүн 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Тажикстандын Жогорку сотунун судьяларынын бири 14-июлда "Комиссия 44түн" мүчөлөрү Хужамри Пирназаров менен Шафтолу Бекдавлатов кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүнө катышууга айыптуу деп табылганын тастыктаган. Анын айтымында, активисттердин Тажикстандын Улуттук альянсы террордук уюму менен болгон байланышы аныкталган. Алардын ар бири 18 жылга соттолгон.

Буга чейин "Комиссия 44түн" өкүлү Фаромуз Иргашев кайсы бир саясий топ менен тааныштыгы жоктугун жана 2021-жылдын 25-28-ноябрындагы окуяларды тыкыр иликтөө үчүн мамлекеттик органдар менен гана кызматташарын билдирген.

Уюм былтыр ноябрдагы башаламандыктардан кийин митингчилер менен жергиликтүү бийликтин ортосунда көпүрө болуу үчүн түзүлгөн. "Комиссия 44кө" облустагы жарандык коомдун активисттери кирген. Анын курамында Башкы прокуратура менен аскердик прокуратуранын алты өкүлү да болгон.

Алардын ортомчулугу менен Хорогдогу төрт күндүк акция аяктаган. Бирок Гулбиддин Зиёбеков менен ноябрь окуялары учурунда өлгөн дагы эки кишинин ишин иликтөө азыркыга чейин уланууда.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG