Ссылки доступа

Булак: Тажик бийлиги 10го жакын ооган жаранын мекенине депортациялады


Ооганстан. Архив сүрөт
Ооганстан. Архив сүрөт

Акыркы бир нече күндүн ичинде тажик бийлиги Ооганстандын бери дегенде эле тогуз жаранын мекенине депортациялады. Бул тууралуу "Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, ооган жарандарын мекенине депортациялоо өткөн жуманын аягында башталган. Коопсуздук органдарынын кызматкерлери качкындарды мекеменин бөлүмдөрүнө чакырып, айрымдарын үйлөрүнөн кармап кеткен. Андан соң аларды чек арага чейин жеткирип, Ооганстанга өткөрүп беришкен.

Журналисттер качкындардын биринин аялы менен да анонимдүү шартта байланышкан. Ал күйөөсү Ооганстанга депортацияланганын, өзү Тажикстанда бала-чакасы менен калганына даттанган.

Чыгарылган жарандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн экени айтылууда. Мындан тышкары алардын айрымдарында "качкын" деген күбөлүк да болгону маалымдалды.

Тажикстандын расмий бийлиги ооган качкындарына байланыштуу жагдай боюнча комментарий бере элек. Мурдараак өлкөнүн Ички иштер министрлиги жыл башынан бери Ооганстандын 32 жараны чек арадан мыйзамсыз өткөнүн, аларга протокол толтурулганы менен депортацияланбаганын билдирген.

БУУнун Качкындар иши боюнча башкы комиссарынын башкармалыгынын Душанбе шаарындагы кеңсеси качкындарды чыгаруудан кабары жоктугун маалымдады. Мекеме эгер оогандыктар депортацияланган болсо ал тууралуу бийлик сөзсүз түрдө кабардар кылышы керек деп эсептейт.

БУУнун тиешелүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2022-жылдын жай айларына карата Тажикстанда ооганстандык 8500 качкын жана баш паанек издеген жарандар катталган. Алардын 5700ү былтыр августта ооган бийлигин талибдер басып алгандан кийин келгендер. Көпчүлүк ооган качкындары "Талибан" радикал кыймылы тараптан куугунтукка алынуудан коркуп Тажикстанга качканын билдиришкен.

Ооганстандыктардын көбү Тажикстанды транзит катары пайдаланып, андан ары Канадага же Европадагы башка мамлекеттерге чыгып кетүүнү каалашат. Соңку бир жылда Тажикстанга келген 4 миңдей ооган качкыны үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG