Ссылки доступа

Мажилистин экс-төрагасынын улуу "Казаэронавигация" ишканасынын башчысы кызматынан алынды


Казакстандын Жарандык авиация комитетине караштуу "Казаэронавигация" ишканасынын башкы директору Азат Бектуров башка ишке өткөнүнө байланыштуу "өз арызынын негизинде" кызматтан алынды. Азырынча анын жаңы кызмат орду тууралуу маалымат жок.

Бектуров "Казаэронавигациянын" башкы директору кызматында 2014-жылдын август айынан бери иштеп келген. Буга чейин ишкана рейдерликке жана жоюлуп кеткен Capital Bank Kazakhstan’га салынган 14 миллиард теңгени жоготууга айыпталган.

КазТАГ агенттигинин маалыматына караганда, Бектуров парламент мажилисинин мурдагы төрагасы Нурлан Нигматулиндин бир тууганы Ерлан Нигматулиндин күйөө баласы.

Кандуу Январь окуяларынан кийин мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кишиси делген жогорку кызматтардагы ондогон аткаминер иштен алынган. Нурлан Нигматулин парламенттин төмөнкү палатасынын төрагасы кызматынан 1-февралда кеткен.

Августтун башында Куат Султанбеков аттуу балхаштык ишкердин мүлкүн тартып алуу ишине бир тууган Нигматулиндердин тиешеси бар-жоктугу текшерилип жатканы кабарланган. Ага чейин 10 жыл абакта отурган Султанбеков бир нече жасалма кылмыш иштери боюнча акталып чыккан.

Июлдун ортосунда Нурлан Нигматулиндин уулу Нурхан Нурлановго карата да тергөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болгон. Маалыматка караганда, Нурланов көзөмөлдөгөн Тараз шаарындагы "Казфосфат" заводу "экологиялык нормаларды одоно бузганы жана анда жер семирткичтер жогорулатылган баада сатылганы аныкталган".

Май айында Нурлан Нигматулиндин дагы бир уулу Нуржан Нурланов "КазМунайГаз" улуттук мунай компаниясына таандык "КазМунайГаз-Аэро" ишканасынын башкы директору кызматынан бошотулган.

XS
SM
MD
LG