Ссылки доступа

Европарламенттин депутаттары казак бийлигин Жанболат Мамайды бошотууга чакырды


Казакстанга иш сапар менен келген Европарламенттин депутаттары казак бийлигин саясий жана коомдук активисттерди, анын ичинде каттоодон өтпөгөн Казакстан демократиялык партиясынын камактагы лидери Жанболат Мамайды опузалоону токтотууга жана саясий туткундарды бошотууга үндөдү.

34 жаштагы Жанболат Мамай 26-февралдан бери камакта отурат. Ал жалган маалымат таратууга, бийлик өкүлүнө акарат келтирүүгө жана январда жапырт башаламандыктарды уюштурууга шектелүүдө.

Өкмөттү сындап келген каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын өкүлдөрү бийлик басым көрсөтүп жатканына арызданып келишет. Буга чейин алар ар түрдүү беренелер менен административдик камоого алынышкан.

Европарламенттин төрт депутатынан турган делегация — Кристиан Сагарц, Начо Санчес Амор, Сильвия Сардоне жана Рышард Чарнецки Нур-Султанда парламент мажилисинин депутаттары, Казакстан өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Мындан тышкары делегация кыйноо курмандыктары менен кездешкени да кабарланды.

XS
SM
MD
LG