“КМШ өлкөлөрү туристтик агым боюнча экинчи орунду алды. Бул өлкөлөргө барууда жогорку суроо-талапка ыңгайлуу баа саясаты, курорттук зоналар менен туристтик жайларга жетүүдөгү ыңгайлуу транспорттук байланыш маанилүү роль ойнойт”, - деп айтылат иликтөөдө.
Иликтөөгө ылайык, орто эсеп менен орусиялык турист сатып алуулар үчүн Өзбекстанда 6,8 миң рубль ( 110 АКШ доллары), Кыргызстанда 2 миң рубль (33,5 доллар), Казакстанда 10 миң рубль ( 170 доллар) коротот.
Мындан тышкары транспорттук кыйынчылыктарга карабай, орусиялык туристтер мурдагыдай эле Түркиянын деңиз курортторуна жана Мальдив аралдарына кызыгышат. Израиль, Греция жана Таиланд дагы саякат үчүн жогору суроо-талапка ээ үч өлкөнүн тизмесинде.