Ссылки доступа

Казакстанда Карим Масимовдун иши боюнча тергөө аяктады


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы төрагасы Карим Масимов жана анын орун басарлары Ануар Садыкулов, Даулет Эргожин, Марат Усуповго карата тергөө иштери аяктады.

Бул тууралуу 25-августта атайын кызматтын басма сөз кызматы билдиргенин “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

Масимов менен Садыкуловго “Мамлекетке чыккынчылык” “Бийликти узурпациялоо”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен айып коюлган. Эргожин “бийликти күч менен басып алуу”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Усупов “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен шек саналып жатат. Алардын камактагы мөөнөтү 6-октябрдан 22-октябрга чейинки убакытка узартылган.

Улуттук коопсуздук комитети Карим Масимовдун иши боюнча атайын кызматтын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Самат Абиш да сурак бергенин кабарлаган. Ал Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу.

Быйыл 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер болгон. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Бир нече шаарда акцияга чыккандарды аскерлер жана полиция күч менен басып, башаламандык чыккан. 1-августта прокуратура Январь окуясы боюнча айыпталган 92 адам абакка кесилгенин кабарлаган. Жалпысынан 474 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 717 адам жоопкерчиликке тартылган.

56 жаштагы Карим Масимов өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары айтылып жүрөт. Ал атайын кызматтын башына 2016-жылы келген. Ага чейин, 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары өкмөттү жетектеген.

XS
SM
MD
LG