Ссылки доступа

БУУ Душанбеден ооган качкындарын кармоону жана депортациялоону токтотууну талап кылды


Архив сүрөт
Архив сүрөт

БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы Тажикстандан ооган качкындарын депортациялоо учурларынын уланышына өтө тынчсыздануусун билдирип, бул аракеттерди токтотууну талап кылды.

Тажик бийлиги бул билдирүүгө реакция жасай элек.

“Озоди” радиосунун ишенимдүү булактары акыркы күндөрү кеминде 9 ооган жараны Тажикстандан депортацияланганын кабарлашты.

“БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы куугунтуктоодон качкан кишилерди эркине каршы күч менен кайра өз өлкөсүнө кайтаруу мыйзамсыз жана алардын өмүрүн коркунучка кептейт деп эсептейт”, - деп айтылат уюмдун 25-августта жарыялаган билдирүүсүндө.

Билдирүүдө 23-августта беш ооган жараны Тажикстандын түштүгүндөгү Панжи Поён чек ара көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу Ооганстанга кайтарылганы белгиленген.

Ооган качкындарынын жакындарынын айтымында, депортацияланган кишилердин айрымдарында БУУнун Качкындар башкармалыгы берген качкын күбөлүгү болгон. Мындай документи бар канча адам мекенине кайтарылганы айтылбайт.

Тажикстан ИИМинин маалымат кызматы 24-августта жыл башынан бери 32 Ооганстан жаранына өлкөдө жүрүү эрежесин бузганы үчүн протокол түзүлгөнүн кабарлаган.

“Алардын баарына айып пул салынган, эч ким өлкөдөн чыгарылган эмес”, - деген Тажикстан ИИМи.

БУУнун маалыматына караганда, 2022-жылдын жай мезгилине карата Тажикстанда башпаанек издеген жана качкынга айланган 8500дөн ашуун ооганстандык болгон. Алардын 5700ү былтыр августта бийликке талибдер келгенден кийин Тажикстанга качып келген. Көптөгөн оогандар Тажикстанды Канада же Европа өлкөлөрүнө чыгып кетүү үчүн транзит мамлекет катары карашат. Акыркы жылы төрт миңдей ооган качкыны Ооганстандан үчүнчү өлкөгө чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG