Юрист Тахир Ерданов бул чечимди даттана турганын билдирди.
— Иш таштаган муначылар жумушчка чыкканын уктум. Дүйшөмбүдө сот адаттагыдай “забастовка мыйзамсыз” деп тааныган чечим чыгарды. Маңгыстау облусунда ушул күнгө чейин эмгек жаңжалынын негизинде жаралган забастовканы сот мыйзамдуу деп тапкан бир дагы учурду көргөн эмесмин. Бирок даттанабыз, — деди Ерданов.
Мунай компаниясынын жумушчулары ишке 22-августта, сот чечими чыккан күнү кайтышкан. Иш берүүчү забастовканын ондон ашуун активистин сотко берген. Компания “алар мыйзамдын талабын эске албаганын, забастовканын башталар жана бүтөр маалын кабарлашпаганын” белгилеген.
“Каракудыкмунай” компаниясында иш таштоо 17-августта башталган. Жумушчулар 250 кызматкердин колу коюлган эскертүүнү иш берүүчүгө 8-августта тапшырышканын айтышууда.
Компаниянын башкы директору Лю Гуаньчун буга чейин “Азаттыкка” компания жумушчуларга социалдык төлөмдөр жүргүзүлөрүн, мүмкүн болушунча сый акы төлөнөрүн, бирок азыркы каржы абалы маянаны көбөйтүүгө мүмкүндүк бербей жатканын айткан.
“Каракудыкмунай” 2006-жылы түзүлгөн жана Актау шаарынан 342 чакырым аралыкта жайгашкан Каракудык кенинде мунай чыгарат. Компанияда 500дөй жумушчу эмгектенет.