Ссылки доступа

Орусия аскерлердин санын 1 млн. 150 миңге чейин көбөйтөт


Орусиянын президенти Владимир Путин 2023-жылдын 1-январынан тарта өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндөгү аскерлердин санын 137 миңге көбөйтүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Бүгүнкү күндө Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө 1 миллион 13 миң 628 жоокер кызмат өтөөдө. Мамлекет башчынын жарлыгы күчүнө киргенден кийин алардын саны 1 миллион 150 миң 628ге жетет.

Документте учурда Куралдуу күчтөрдүн штаттык курамы 1 миллион 902 миң 758 кишини түзөрү, кийинки жылдын башынан тарта алар 2 миллион 40 миңге жете турганы белгиленген.

XS
SM
MD
LG