Ссылки доступа

Тажикстанда терроризмге каршы күрөшүү боюнча конференция өтөт


18-19-октябрь күндөрү Душанбеде "Терроризмге каршы туруу максатында чек араны көзөмөлдөө, коопсуздук тармактары боюнча эл аралык жана аймактык кызматташтык" деп аталган эл аралык конференция өтөт.

25-августта Тажикстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Жонибек Хикмат БУУнун башкы катчысынын орун басары, уюмдун Контртеррористтик башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков менен жолугуп, конференцияны өткөрүүнүн шарттарын талкуулады.

Билдирүүлөрдө жогорку деңгээлдеги жолугушуу экени белгиленген бул конференция тууралуу кеңири маалымат жазылган эмес. Адатта буга чейинки мындай жолугушууларга эл аралык уюмдардын жетекчилери жана Тажикстанга өнөктөш мамлекеттердин бийлик өкүлдөрү катышып келишкен.

Душанбе Ооганстандагы кырдаалды, маңзат аткезчилигин жана чек арадан экстремист-жоочулардын кирип келүү ыктымалдыгын Тажикстандын коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч катары эсептейт. Ошол эле маалда эл аралык укук коргоо уюмдары тажик бийлигин экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүнү шылтоо кылып, саясий каршылаштарын куугунтуктап, сөз эркиндигин чектөөгө айыптап келишет.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG