Ссылки доступа

Тажикстанда COVID-19га каршы чаралар кайрадан күчөтүлүүдө (видео)


Тажикстандын бийлиги өлкөдө COVID-19дун кайрадан жайылышына жол бербөө максатында санитардык чаралар күчөтүлгөнүн билдирди. Бул чечим жакынкы жана алыскы өлкөлөрдө эпидемиологиялык абалдын начарлаганы менен түшүндүрүлүүдө.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Навруз Жафаровдун айтымында, эми аэропорттордо жүргүнчүлөрдөн кайрадан коронавирус жок экенин ырастаган тесттер жана эмдөөдөн өткөнү тууралуу сертификаттар талап кылына баштайт.

"Тажикстанга келген жарандар чек ара пункттарынан өтүп жатканда коронавирус жок экендиги тууралуу тест жана вакцина алганы тууралуу сертификат көрсөтүшү керек болот", – деди министрликтин өкүлү.

Таджикистан вновь усиливает меры против COVID-19
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

Тажикстандын бийлиги учурда калктын 60 жаштан ашкан аяр катмарын жана медицина кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнүн төртүнчү этабы жүрүп жатканын билдирди. Маалыматка караганда, пандемия башталган 2021-жылдын март айынан 2022-жылдын 19-августуна чейин коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын жалпы калктын 94,9% (5 миллиондон ашык киши), экинчисин 93,3% жана үчүнчү дозасын 88% алды.

Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күндө Тажикстанда коронавирус жуктургандар жок экенин билдирүүдө.

Расмий статистикага ылайык, COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Тажикстанда 17 миңден ашык кишиге коронавирус жугуп, 124 бейтап каза болду. Бирок эксперттер өлкөдө COVID-19дун курмандыктары расмий айтылгандан кыйла көп болгонун айтып келишет.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG