Ссылки доступа

Курсанттар кабылган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду


Кыргызстандын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институтунун курсанттары кабылган жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголгонун жана кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ооруканага жана госпиталга жаткырылгандардын баарынын абалы канааттандырарлык.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта курсанттардын ант берүү салтанаты бул иш-чарага өзгөчө маани берүү максатында алардын жакындарынын катышуусу менен атайын "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөрүлгөнү, ал мыкты деңгээлде уюштурулганы белгиленген.

Ооруканага жактырылган курсанттар тийиштүү жана жетиштүү медициналык көзөмөлдө экени, тезирээк сакайып кетиши үчүн тамак-ашы күчөтүлгөнү, жабыркагандар жана алардын жакындары менен коргоо министри Бактыбек Бекболотов жолукканы маалымдалды.

Соңку маалыматка ылайык, кырсыктан кийин тогуз адам ооруканага түшүп, дагы 12си аскердик госпиталга жаткырылган. Госпиталдагылар 29-августта чыгарылат.

Окуя 27-августта болжол менен саат 11:50 чамасында "Ата-Бейит" тарыхый мемориалдык комплексинен 300-400 метр аралыкта болгон. Ичинде курсанттар отурган автоунаа комплекстен чыгып, Бишкекти көздөй кетип баратканда жол боюндагы бакты сүзгөн.

XS
SM
MD
LG