Ссылки доступа

Нур-Султанда митинг болору айтылган аянтта үч активист кармалды


28-августта Нур-Султан шаарында Казакстандын Каржы министрлигинин бет маңдайындагы гүлбакта жарандык активист Венера Жанабаева кармалды.

Андан соң полиция кызматкерлери гүлбакка келген дагы бир активист Кайрат Мусабаевди унаасынан түшөрү менен кармап кетишти. Кармоо маалында ал "Чал, кет!" деп кайкырды. Мындан тышкары укук коргоо кызматкерлери эч кандай себептерин түшүндүрбөстөн эле күч колдонуу менен активист Асия Бакаеваны да кармап кетишти.

Ыктымал митингди чагылдырууга барган "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы полиция күн бою гүлбактын айланасын курчап турганын билдирди. Түшкө жакын аянттын жанына бир нече киши чогулду. Алардын негизги бөлүгүн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар түздү.

Буга чейин "Алга, Казакстан!" деп аталган оппозициялык партия түзүү боюнча демилгечи топтун тарапташтары аталган гүлбакта саат 11:00дөн 13:00гө чейин митинг өткөрүп, Январь окуялары боюнча эл аралык тергөө жүргүзүүнү жана бардык саясий партияларды каттоого алууну талап кыла тургандыктарын билдиришкен. Мурдараак жергиликтүү акимчилик демилгечи топтун өтүнүчүндө көрсөтүлгөн аянт бош болбой турганын жүйө келтирип, аларга митинг өткөрүүгө үч жолу (21-август, 27-август жана 28-август) уруксат берген эмес.

28-августта "Алга, Казакстан!" митинг болорун айткан гүлбакта "мектеп жарманкеси" өттү. Ал жерге барган журналисттер бир нече текчени жана аз сандагы адамдарды гана көрүшкөнүн билдиришти.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG