Ссылки доступа

Швецияда жүргөн казак активисти мекенине депортацияланышы мүмкүн


Баш кеңсеси Австрияда жайгашкан Freiheit Für Eurasien бейөкмөт уюму казакстандык активист Ботагөз Исаева Швециядан мекенине депортацияланышы мүмкүн экенин билдирди.

Уюмдун өкүлү Лейла Назгүл Сеитбектин айтымында, июлдун аягында Швециянын миграциялык кызматы активисттин жүйөлөрүнө карабастан, анын башпаанек берүү өтүнүчүн четке кагып, мекенине депортациялоо чечимин кабыл алган. Августта апелляциялык сот бул чечимди күчүндө калтырган.

"Швециянын бийлиги Ботагөз Исаевага башпаанек берүүдөн баш тартты. Казакстандын бийлиги активистти куугунтуктаганы далилденгенине карабастан, алар мекенинде Исаевага коркунуч бар экенине ишенбей жатышат. Эми аны каалаган убакта депортация кылып салуулары мүмкүн", – деди Сеитбек.

Швециянын миграциялык кызматы "Азаттыктын" казак кызматына жөнөткөн жообунда "Швецияда жашап туруу укугун берүү" өтүнүчтөрүн кароодо өлкөнүн мыйзамдары, ошондой эле Евробиримдиктин жана эл аралык укуктун тиешелүү эрежелери эске алына тургандыгы белгиленген.

"Эгер өлкөдө жашап туруу укугун берүү үчүн эч кандай негиз жок деген чечим кабыл алынган болсо, анда арыз ээси мекенине кайтышы керек болот. Чечим боюнча апелляциялык арыз жазып, ишти сотко берсе болот. Швециядан кайтуу процедурасы жарандын өз каалоосу менен болгону жакшы", – деп жазылган кызматтын катында.

Активист өзү Казакстанга кайтып барса коопсуздугуна коркунуч жаралат деп кооптонууда.

"Мени акыркы эки айдын ичинде куугунтукка кабылган 331 жарандык активисттей эле куугунтукка алышат деген ыктымалдуулук бар. Андан тышкары бийликти сындаган адвокат Зинаида Мухортова жана активист Ардак Ашим сыяктуу адамдардай эле мени да кыйноого алып, күч менен психиатриялык клиникага жаткыруулары мүмкүн", – деди Исаева.

Казакстандык укук коргоочулардын маалыматына караганда, 55 жаштагы Ботагөз Исаевага 2015-жылы кылмыш иши козголгон. Ага чейин ал Казакстандын Евразия экономикалык биримдигине киришине каршы болгон топтун маалымат жыйынына катышып, "ВКонтакте" социалдык түйүндөгү "Түндүк Казакстан – орус жери" деген тайпаны бөгөттөтүүгө аракет кылган.

"2015-жылы 6-августта Исаевага 174-берененин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, анын үйү тинтүүгө алынган. Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүлөрү аны "текшерүү үчүн" психиатралык клиникага жаткыруу токтомун чыгарышкан. Активист ошол эле күнү чет өлкөгө чыгып кетип, ага эл аралык издөө жарыяланган", – деп жазылган укук коргоочулардын билдирүүсүндө.

Сеитбектин айтымында, Исаева Швецияда коомдук-саясий иштер менен алектенүүсүн улантып, чет өлкөлөрдөгү казак активисттери менен байланыш түзө алган. Анын айтымында, Исаева бүгүнкү күндө "Жарандык коомдун DongelekUstel коалициясы" деп аталган топтун координатору. Алар 2021-жылы декабрда "Казакстандын клептократиялык элитасына каршы санкцияларды киргизүү" сунушу менен АКШнын Конгрессине кайрылышкан.

Казакстандын Ички иштер министрлиги "Азаттыктын" казак кызматынын суроолоруна жооп катары жөнөткөн билдирүүсүндө "кылмыштын белгилери жок болгонуна байланыштуу" Исаевага каршы козголгон кылмыш иши 2017-жылы токтотулганын жазган. Мекеме ошондой эле Исаевага эл аралык издөө жарыяланганын да четке какты.

XS
SM
MD
LG