Ссылки доступа

Казакстандын шаарларында аялдардын пенсия курагын төмөндөтүү талабы менен митингдер өтүүдө


Казакстандын бир катар шаарларында аялдар үчүн пенсияга чыгуу курагын 58 жашка чейин төмөндөтүү талабы менен митингдер өтүүдө.

Бийлик уруксат берген акцияларды өткөрүүнү "Казакстан аялдарынын Пенсиялык куракты 58 жашка чейин төмөндөтүү кыймылы" демилгелеген.

29-августта Чымкент шаарынын Наурыз аянтында отуздан ашык аял митингге чыкты. Алар колдоруна "Пенсияга чыгуу курагын мурдагы калыбына – 58 жашка кайтарууну талап кылабыз" жана "Аялдардын гана пенсия курагын жогорулатуу – Конституцияны бузуу" деген жазууларды кармап турушту.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы акция концерт менен коштолуп, полиция кызматкерлери четте көз салып турушканын билдирди.

Бийлик уруксат берген митинг Актөбө шаарындагы Алматы райондук акимчилигинин алдында да башталды. Ага элүүгө жакын аял катышууда.

Буга чейин митингдердин уюштуруучулары мындай акциялар Нур-Султан, Алматы, Костанай, Павлодар жана Семей шаарларында да өтө турганын билдиришкен. Маалыматтарга караганда, бир катар шаарларда митингдер жергиликтүү бийлик белгилеген имараттарда чогулуш түрүндө өтүп жатат.

Казакстан 2018-жылдын 1-январынан бери аялдар үчүн пенсиялык куракты ар жыл сайын алты айдан жогорулатып келет. 2027-жылга карата аялдардын пенсиягы чыгуу курагы 63 жашка жетип, эркектер менен теңелип калышы керек. 2022-жылдын башында аялдардын пенсияга чыгуу курагы 60,5 жылга жетти.

Мамлекет мындай өзгөртүүлөрдү жарандар "карыганда өзүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү пенсиялык топтом чогултуп коё тургандыктары менен" түшүндүрүүдө. Ошол эле маалда оор шарттарда иштеген жана үй-бүлөлүк абалы жакшы эмес аялдар эмгекке жарамдуу куракты жогорулатуу – алар үчүн кыйноого тете экенин айтып келишет.

Быйыл май айында Казакстандын вице-премьер-министри Ералы Тугжанов өкмөт жарандардын айрым категориясы үчүн пенсияга чыгуу курагын төмөндөтүү маселесин талкуулоону пландап жатканын билдирген.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG