Ссылки доступа

Орусияда өзбек мигранттары түрк компанияларынан маяналарын ала албай жатышат (видео)


Украинада согуш башталгандан бери Орусияда иштеген эмгек мигранттары маяна алууда кыйынчылыктарга туш болууда. Убагында айлык акыны төлөбөгөн иш берүүчүлөрдүн арасында чет өлкөлүк компаниялар да бар.

Москва облусундагы түркиялык "Динамик Групп" курулуш компаниясында иштеген өзбек мигранттары жалпысынан 45 млн рубль (700 миң доллар) айлык акысын ала албай жатканына даттанууда.

Өзбек мигранттары бул 200дөй жумушчунун маянасы экенин билдиришти.

200дөй эмгек мигранты "Свобода" радиосуна кайрылып, өзүн банкрот катары жарыялаган түрк компаниясынан эки жыл ичинде топтолгон маянаны алууга жардамдашууну өтүндү. Алар буга чейин Өзбекстандын Москвадагы элчилигине бир нече жолу кайрылышкан, бирок майнап чыккан эмес.

Дагы бир түркиялык Emir Kons компаниясы мигранттардан 10 млн рубль кармап калган. "Оздолик" радиосуна жөнөтүлгөн видеодо бул компанияда иштеген 175 мигрант иштен айдалганы жана жатаканадан чыгарылганы көрсөтүлгөн.

"Динамик Групп" менен Emir Kons компаниялары журналисттердин кайрылуусун жоопсуз калтырышты.

Эмгек мигранттары дагы деле Өзбекстандын Москвадагы консулдугунан жардам күтүүдө.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG